Айтматов
окуулары

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн маданий мейкиндигинде жана дүйнөлүк көркөм маданиятта предметтер аралык илимий-билим берүүчү ыкмалардын тутумун иштеп чыгуу

Кнопка
double image fisrt partdouble image second part
Долбоор 2023-жылы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдык мааракесинин алкагында ишке ашырылган иш-чаралар циклынын концептуалдык уландысы болуп саналат. Ошол эле учурда 2028-жылы белгиленүүчү дүйнөлүк адабияттын классиги, философ жана гуманисттин 100 жылдык мааракесине даярдоо платформасы катары көрсөтүлөт.

Долбоордун максаты – Чыңгыз Айтматовдун инсандык даремети, чыгармачылыгы жана мурасы, ошондой эле алар менен байланышкан социалдык-гуманитардык изилдөөлөр жана агартуучулук практикалар аркылуу КМШнын бирдиктүү академиялык мейкиндигинин калыптанышына көмөктөшүү.

Долбоор Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасынын дараметин КМШ мүчө-мамлекеттеринин билим берүү жана илимий-агартуу чөйрөсүндө, жаштарды тарбиялоо жана агартуу тармагында кызматташтыгын тереңдетүүнүн кызыкчылыгында, ошондой эле заманбап санариптик чөйрөдө классикалык адабий мурастын руханий-адептик баалуулуктарын жана тарыхый-маданий салттарын жайылтууда комплекстүү ишке ашырууга багытталган.

Долбоор Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университети жана Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоордун өнөктөштөрү: Москва шаардык педагогикалык университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейи.

Долбоор жөнүндө

Долбоордун жаңылыктары
Айтматов окуулары
image altimage altimage alt
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына КМШ өлкөлөрүнүн маданий мейкиндигинде жана дүйнөлүк көркөм маданиятта предметтер аралык илимий-билим берүүчү ыкмалардын тутумун иштеп чыгуу» долбоору Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда
image alt
Уюштуруучулар
image altimage alt
Өнөктөштөр
image altimage alt